Жол-курулуш компаниялары ассоциациясынын президенти Мирлан Исраилов көз жумду

Жол-курулуш компаниялары ассоциациясынын президенти Мирлан Исраилов бүгүн дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлашты.

Мирлан Исраилов 6-июлда № 1 шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылып, андан пневмония илдети аныкталган. Дарыгерлер маркумун өмүрүн сактап калуу үчүн колдорунан келген бардык аракетти жасашкан, бирок ага карабастан абалы оорлошуп кеткен. Ал болгону 48 жашта болчу. Анын артында бир уул, бир кызы калды.

Мирлан Исраилов Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулуп өскөн.

«Ал «Чу Прокси» ЖЧКсынын башкы директору болгон. 2019-жылы биринчи жолу Мирлан Жеңишбекович Жол-курулуш компаниялары ассоциациясын негиздеген. Жол тармагында жаңы тутумду куруу боюнча кыялдары жана ниеттер орундалбай калды. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн саат 18.00дө Балыкчы шаарында болот», — дейт кесиптештери.